Милициянын маалыматына ылайык, жабырлануучу (И.А.) “Ашар бирикмесинин” жетекчиси “жакынкы аралыкта ага турак жай жана машине алып берем” деген убада менен 650 миң сомун алганын айтып, арыз жазган. Бирок ушул күнгө чейин милдеттенмелерин аткарбай, каражатын кайтарып бербей жүргөнүн билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Алиакбар Каныбек уулу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Белгилей кетсек, буга чейин да шектүү алдамчылык фактысы боюнча кармалган.