• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аксыда жаран «WhatsApp» аркылуу туура эмес маалымат таратканы үчүн Сумаянын жакындарынан кечирим сурады

2 Бештин айы 2021 10:57 Бишкек Govori.TV

Аксыда жаран «WhatsApp» аркылуу туура эмес маалымат айтканы үчүн Сумаянын жакындарынан кечирим сурады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин «WhatsApp» тиркемесинде Аксы районунун Кашка-Суу айылынын элине Сумаяны мисал кылуу менен эскертүү берип этият болууга чакырган үн жазуу тараган. Бул үн жазуу социалдык тармактарда башка тайпаларга да тарап, коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн.

«Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) жана Аксы РИИБи тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул үн жазууну жаздырып «WhatsApp» тайпасына тараткан Аксы районунун тургуну 1982-ж.т. К.Ш. экендиги аныкталды. Ал бул үн жаздырууну айыл өкмөттүн элине балдарга көз салуу менен этият болууга чакырып, бирок Сумая тууралуу толук маалымат билбей туруп экспертиза чыкты деп тайпаларга бөлүшүп жибергендигин, бул туурасында өкүнүп жаткандыгын айтып, жалпы коомчулуктан жана Сумаянын жакындарынан кечирим сурады»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты текшерүүнү талап кылган материал болуп катталып, учурда алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 347