• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Текебаевге кол салды деп шектелгендер кечирим сурап келишти (видео)

3 Бештин айы 2021 14:43 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салды делген топ Текебаевден кечирим сурап келишти. Бул тууралуу аталган партиянын социалдык тармактагы баракчасына видео жарыяланды.

Алардын арасынан сөз сүйлөгөн Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев түшүнбөстүктөр жаралып, ар түрдүү пикирлерден улам башаламандык болуп кеткенин айтат.

«Биз тынчтык үчүн, митингдерден тажадык деп, элдик кошуун катары келгенбиз. Өкмөт үйүнүн алдында турганыбызды көрсөңүздөр керек. Белгисиз бир жаран келип, Парк-отелге кирип тургула деген, анан биз келгенбиз. Себеби көп болуп топтолуп турсак, жарандардын кооптонуусун жаратып жатабыз го деп ойлоп анан отель жакка келгенбиз. Ал жактан сиз чыктыңыз, бул жерде түшунбөстүктөр гана болуп кетти. Биз сизге кол салалы деп келген эмеспиз. Ал эми эки автобус менен келди деген сөздөр туура эмес, алар менен милиция кызматкерлери келген», — деди ал.

Ал эми Текебаев, аларды кечире турганын билдирип, «бирок кылмыш иши козголбосо дагы, саясий баа берилиши керек», — деп айтты.

«Сен айткан 2-3 чагымчыл топко кирип келип эле «а сен митинг уюштуруп, телефон менен башкарып жатыпсын» деп эле уруп жиберди. Сыртка алып чыгышты. Силер кой-ай деп эле турдуңар, провокаторлор качып кетишти, таппай калдык. Мени урду деп жаткан узун бала тийген да эмес. Мен ичте олтурганда эле кирип келип уруп жиберишти, көп эмес 2-3 эле. Бирок, мен силерге кеңешим бар, биз өзүбүзгө окшогон адамдардын конституциялык укутарын сыйлашыбыз керек. Биздин өлкөдө ар бир адам өзүнүн оюн айтканга жана өзүнүн чындыгын мыйзам чегинде талап кылганга укугу бар. Утулган партиялар да БШКнын алдына барып өз оюн айтып турушту», — деди Текебаев.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаевге кол салууга шектүү катары Чүй облусунун 1998-жылы туулган тургуну Э.Ы.ны колго түшүрүлгөн, Текебаевдин телефону кайтарылган. ИИМ учурда башка да шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

1-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болгон. Саясатчыга 2 кичиавтобус менен 70тей адам келип, кол салган. Ички иштер органдары окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда Текебаевге кол салган адамды ыкчам аныктоо, өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 543