• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Текебаев кечирим сурап келгендерге: Президенттин айтканы боюнча баарыңар соттолушуңар керек…

3 Бештин айы 2021 15:51 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салды делген топ Текебаевден кечирим сурап келишти. Бул тууралуу аталган партиянын социалдык тармактагы баракчасына видео жарыяланды.

Саясатчы аны сабагандарга дооматы жок экенин, бирок юридикалык жоопкерчилик болбосо аны уюштурууга катышкандарга саясий баа берилиши керектигин айтты.

“Президент “жөн гана жек көрүүдөн улам “митингден кубалайбыз” деп келишкен тентектер болуп чыкты” деп атат. Мени эле эмес “митингчилерди да кубалайбыз деп келишкен” дейт. Кубалоо деген – күч колдонуу деген сөз. Митингге мурунку спикерлер, мурунку өкмөт башчылар, мурунку депутаттар, кыздар, балдар барды. Аларды кантип кууйсуңар? Алар Конституциялык укугун пайдаланып жатат. Президенттин айтканы боюнча баарыңар соттолушуңар керек. Биринчи кезекте уюштуруп жөнөткөндөр соттолушу керек болот. Президенттин, байлардын, мэрлердин да сөзүнө кирбегиле. Алар келет, кетет”.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаевге кол салууга шектүү катары Чүй облусунун 1998-жылы туулган тургуну Э.Ы.ны колго түшүрүлгөн, Текебаевдин телефону кайтарылган. ИИМ учурда башка да шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

1-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болгон. Саясатчыга 2 кичиавтобус менен 70тей адам келип, кол салган. Ички иштер органдары окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда Текебаевге кол салган адамды ыкчам аныктоо, өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 2814