• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Аксыда жарандын үйүнөн 6 кг марихуана, курал жана ок-дарылар табылды

16 Кулжа 2022 11:21 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абаддын Аксы районунда жарандын үйүн тинтүүдө 6 кг марихуана табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Аксы районунун Ак-Жол айылынын 54 жаштагы М.Н. аттуу тургунунун үйүн тинтүү жүргүзүү учурунда кампасынан бир нече баштыкка бөлүнгөн, көк-жашыл жана ак түстөгү кескин жыты бар зат табылган. Мындан сырткары, мыйзамсыз сакталып турган сайлуу ок атуучу курал, ок-дарылар жана 130 миң сом өлчөмдө акча табылып алынган.

Тиешелүү соттук-химиялык, соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалып, анын корутундусунда ал зат 6 кг ашуун марихуана экендиги аныкталган.

Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда ал качууга үлгүргөн, бирок, 14-июнда шектүү жашынып жүргөн жеринен кармалып, тергөөгө камсыздалган.

Шектүү соттун чечими менен шектүу карата эки айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда тергөө улантылып жатат

Количество просмотров: 141