• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Испанияда суу ташкыны кеминде 150 кишинин өмүрүн алды

1 Жетинин айы 202412:03 Бишкек Govori.TV

Испанияда өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө болгон суу ташкыны кеминде 150 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу «ТАСС» маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, 31-октябрь, бейшемби күнү түштөн кийин куткаруу кызматтары каза болгондордун 158инин сөөгүн табышкан. Валенсия аймагында эле кеминде 155 адам кырсыктын курмандыгы болуп, куткаруучулар аман калгандарды издөөнү улантышууда.

Испаниянын коргоо министри Маргарита Роблестин айтымында көптөгөн адамдар дагы эле дайынсыз болууда.

Количество просмотров: 226