• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Актауга бараткан аскерлерди эл барымтага алды (видео)

5 Үчтүн айы 2022 17:46 Бишкек Govori.TV

Актауга бараткан аскерлерди эл барымтага алды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Видео тасмадан нааразычылык акциясына чыккан жарандар аскер кызматкерлерин унаадан түшүрүп, курчап алганын көрүүгө болот.

https://youtu.be/aM4MLU51xO8

Эске салсак, 2-январда Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы башталган акция өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды.

Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди. 5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө боюнча 200дөн ашуун адам кармалды. Мекеменин маалыматына караганда, Алматы, Чымкент жана Таразда “акимчиликтерге кол салуу болуп”, имараттар жабыркаган. Ошондой эле 95 полиция кызматкери жаракат алып, 37 кызматтык автоунаа жабыркаганы айтылды. Митингчилер арасындагы жабыркагандар боюнча маалымат айтылган жок. 

Количество просмотров: 7338