«Кыргызстан менен Тажикстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөрүн жашыруун билдирди» деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу GOVORI.TVга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
«Социалдык тармактарда тараган маалыматтар фейк. Кыргызстандын куралдуу күчтөрү чет өлкөлөрдөгү кандайдыр бир аскердик операцияларга катышпайт. Жогорудагы маалыматты тараткан ЖМКлардын жоопкерчилиги каралат. Дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын өз позициясы бар жана ага так турабыз»,-деди ал.
Ташиев ошондой эле жарандарды расмий булактардан алынган маалыматка гана ишенүүгө чакырды.
Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеште учурда Украинадагы кырдаалга байланыштуу экономика жана валюта базары көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат жабык эшик артында каралып жатат.