• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Актер Азиз Мурадиллаев оор абалда реанимацияга түштү. Ага тез арада операция керек

3 Бештин айы 2022 19:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев оор абалда реанимацияда жатат. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

Анын айтымында, Азиз боорун алмаштырууга муктаж.

«Эмгек сиңирген артист Азиз Мурадиллаев бир нече жыл мурун оорудан даарыланган. Москвада тамырларына операциясы жасалып, дары ичкен.

Ал түрк клиникаларында дарыланган. Мунун баары каражат чогултуунун аркасында. Ошол убакта боордун регенерациясы болгон. Жана которуу жокко чыгарылды. Дарылангандан кийин калган каражатты жубайы экөө пресс-конференцияда уулунун дарылануусу үчүн актёр Мурат Мамбетовго которушкан.

Бүгүн Азиз Мурадиллаев оор абалда реанимацияга жаткырылды. Анын катуу шишиги бар. Суюктук чыкпайт. Ал сүйлөбөйт. Убакыт тар», — деди Ассоль Молдокматова.

Молдокматова актерге тез арада операция жасалышы керек экендигин белгилөө менен кайдыгер карабаган жарандардан каражат чогултууга көмөк сураган. Мурадиллаевдин боор алмаштыруу операциясына 45000$ керетелет.

Элсом: 0553330431

2202202376920157 Сбербанк
4377723789917360
Тинькофф
Чукуев Арсен Кубанычбекович

Количество просмотров: 1610