• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Актёр Чыңгыз Мамаев үй камагына чыкты

11 Үчтүн айы 2023 12:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-январда актёр Чыңгыз Мамаев үй камагына чыкты. Маалыматты Govori.TVга анын жактоочусу Нурсултан Жаныбеков тастыктады.

«Шаардык сот Чыңгыз Мамаевдин кылмыш ишин карап чыгып, анда тергөө органдары тарабынан бир катар мыйзам бузуу болгонун, ошондой эле кылмыш ишинде Чыңгыз Мамаевдин күнөөсү бар экенине жетиштүү далил болбогонун аныктап, сот залынан бошотту», — деди жактоочу.

Кошумчалай кетсек, Мамаев 2022-жылы апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси («Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети») менен иш козголгон.

Количество просмотров: 62