Чет өлкөлүк жаранды зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаев акталды. Бул тууралуу Govori.TVга адвокат Нурсултан Жаныбеков билдирди.
Маалыматка караганда, мындай чечимди бүгүн, 17-апрелде Свердлов райондук соту чыгарган.
«Эч кандай далил жок, көрсөтмөлөр дагы дал келген жок. Мындан улам райондук сот актоо өкүмүн чыгарды»,-деди жактоочу Жаныбеков.
Кошумчалай кетсек, Мамаев 2022-жылы апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси («Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети») менен иш козголгон.
6-декабрда шаардык сот Мамаевге козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөн. 2023-жылдын 11-январында Бишкек шаардык соту Мамаевди үй камагына чыгарган.