• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Актилек-автожол» пунктунда айдоочулардан акча алган инспекторлор кармалды

28 Бештин айы 2020 11:00 Бишкек Govori.TV

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Актилек-Автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктундагы Чүй ОИИБдин Жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан пара алуу боюнча системалуу фактыларды каттады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору документтерди текшерүү шылтоосу менен эл аралык жүк ташууга катышкан автоунаалардын айдоочуларынан тынымсыз 500дөн 5000 сомго чейин акча каражатын алышкан. Ошол эле учурда, аталган өткөрүү пункту аркылуу күн сайын жүк ташуу 100дөн 200гө чейин унааларды түзөт.

Ушул жылдын 24-декабрында үч инспектор — «М.Т.М.», «Ш.Р.М.», «А.С.А.» кармалды.

25-декабрда бул коррупциялык ишке тийиштиги болгон үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Шаирбек Бопонов кармалды.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы башка кызматкерлердин да бул ишке тийиштиги бар-жогун аныктоо иш-чараларын жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 85