• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Милиция айдоочуларды телефон номерлерин унаага калтырып кетүүнү суранат

24 Бугу 2022 16:18 Бишкек Govori.TV

Милициянын кайгуул кызматы Евразиялык экономикалык форумга карата айдоочуларды телефон номерлерин унаага калтырып кетүүнү суранат.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, 26-27-майда Бишкекте Евразиялык экономикалык форумга байланыштуу айрым көчөлөр убактылуу жабылат.

“Ал көчөлөргө мүмкүн болушунча унаа каражаттарды токтотпоого жана аргасыз токтотуу учурунда унаанын алдыңкы терезелерине уюлдук телефондун номерлерин калтырып кетүүнү суранабыз. Анткени кырдаалга байланыштуу ошол унааны алдырууга туура келсе телефон номери аркылуу айдоочусун чакырууга туура келет. Номер жок болсо аргасыз эвакуатор менен жүктөп кетүүгө туура келет”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жайгашкан айылдардагы жашоочуларды ал күнү мал-жандыктарын жолдон алысыраак кармоону сунушталат. Анткени милиция кызматкерлери тарабынан ал аймак курчоого алынат.

Количество просмотров: 197