• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Манас» аэропортунун жолунда ызы-чуу чыкты. Милиция эмне дейт?

5 Жетинин айы 2023 15:02 Бишкек Govori.TV

Унаа менен жарышкандар «Манас» аэропортунун жолун жаап алып, ары-бери өткөндөргө тоскоолдук кылышкан. Бул тууралуу президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимов жазды.

Маалыматка караганда, алар жерине барган жол тескөөчүлөргө баш бербей, каршылык көрсөтүшкөн.

Ал эми Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырдаал жетекчиликтин көзөмөлүндө экенин маалымдашты.

 «Тартип бузган айдоочулар мыйзам чегинде жоопко тартылат»,— деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 848