• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Активист Зарина Төрөкулова сот чечими менен кайра камалды

5 Чын куран 2024 15:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаардык соту жарандык активист Зарина Төрөкуловага өкүм чыгарып, ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарды.

«Шаардык сот Биринчи май райондук прокуратурасынын арызынын негизинде Төрөкуловага берилген пробациялык мөөнөттү жокко чыгарып, калган беш жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды. Төрөкулова сот залынан камакка алынды», — деди анын жактоочусу Акмат Алагушев.

Адвокат шаардык соттун чечиминин үстүнөн Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрыла турганын билдирди.

Бул чечим боюнча Бишкек шаардык соту маалымат бере элек.

16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Зарина Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Зарина Төрөкулова «жапырт башаламандыкка» шек саналып камалганын былтыр 11-сентябрда билдирген. Активист «социалдык тармактарда «чагымчыл» билдирүүлөрдү жасаган» деп айыпталып, Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктар» деген беренеси менен иш козголгон.

Количество просмотров: 109