• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Активист Али Шабдан камакта калтырылды

12 Бештин айы 202218:09 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активист Али Шабдандын бөгөт чарасын карап, 20-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Али Шабдан күнөөсү жок экенин айтып, үй — бүлөдө жалгыз багуучу экенин белгиледи.

Эске салсак, 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалып, дээрлик бардыгы эки айга камалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Количество просмотров: 104