• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Активист Эрлан Бекчоро уулу: Бийлик өз колу менен өзүн муунтуп жатат

10 Жетинин айы 2022 19:48 Бишкек Govori.TV

Мындай пикирин бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык сотунда активист Эрлан Бекчоро уулу баш коргоо чарасын карадып жаткан отурумда билдирди.

Анын айтымында, коюлуп жаткан айыптар негизсиз.

«Сотторду укуктукка жана адилеттүүлүккө гана чакырам»,-деди Бекчоро уулу.

Шаардык сот аны 20-декабрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 183