• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кемпир-Абад маселеси: Активист Эрлан Бекчоро уулу камакта калды

13 Бештин айы 202215:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды.

«Бир дагы күнөөбүздү далилдей алышкан жок»,-деди Эрлан Бекчоро.

Белгилей кетсек, 23-октябрда милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттердин үйлөрүн массалык түрдө тинтүүгө алып, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 36 («Кылмышка даярдык көрүү») жана 278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча кылмыш иши ачылганын билдирди. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы позициясын билдирип келишкен.

Кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болот.

Количество просмотров: 117