• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Активист Эрлан Бекчоро уулу камакта калды

17 Чын куран 2023 15:20 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун бөгөт чарасын бүгүн, 17-апрелде карап, 20-июнга чейин камакта калтырды.

«Эч кандай тергөө жүргөн жок. Мыйзам боюнча тергөө жүрбөсө бошотуу керек болчу. Бирок сот ага карабай, эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарды», — деди Эрлан Бекчоро.

Иш жашыруун деген макам алдында каралып жаткандыктан соттук процессге ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.

Буга чейин Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын, мурдагы депутат Асия Сасыкбаеванын, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун, «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү Улукбек Маматаевдин, активист Чыңгыз Капаровдун, активист Таалайбек Мадеминовдун бөгөт чарасы каралып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгышкан.

Өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан жыйырмадан ашуун адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Количество просмотров: 101