• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Президентибизге үнүмдү жеткирер». Абактагы активисттин жубайы Жапаровага кайрылды

26 Бештин айы 2022 14:18 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган активист Эрлан Бекчоро уулунун жубайы Шаршекүл Аманова жолдошун бошотуу өтүнүчү менен биринчи айым Айгүл Жапаровага кайрылды.

Аманова биринчи айымга өзү Ак үйдүн алдында туруп, күйөөсү Садыр Жапаровдун ишин адилеттүү чечип берүүнү суранган күндөрүн эске салып, анын видеосу менен бөлүшкөн.

«Жолдошуңуз абакта жатканда адилеттүүлүктү, мыйзамдуу кадамды гана күткөнсүздөр. Бүгүн мен дагы мыйзам талаасында чечип берүүңүздөрдү өтүнөм. Ошол учурда атасын күткөн баланын кусасы, балдарга көрсөтпөй өзүнчө отуруп ыйлап, заарыга күткөн сиздин абалыңыз бүгүн менин башымда. Жолдошум Эрлан чынчыл, адилеттүү болгон үчүн башымды бийик көтөрүп, белимди бекем бууп турам. Балким, жолдошум күнөлүү болгондо кайратыман эрте жанмакмын. Мага жолдошумдун чындык жолундагы тайманбай бекем турганы кубат берип жатат. Мен А.Жапаровага эне катары, эне жүрөгүн туйган жан катары Президентибизге үнүмдү жеткирер деп кайрылдым», — деп жазат ал.

Количество просмотров: 880