• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Активист Мелис Аспеков УКМК тарабынан кармалганы айтылууда

9 Үчтүн айы 2021 13:31 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен 8-январда кармалган эки адам Мелис Аспеков жана Улан Жураев экени айтылууда. Бул тууралуу «Kaktus.media» порталы укук коргоо органдарынын кызматкерлерине шилтеме берип жазды.

Атайын кызмат 9-январда маалымат таратып, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен эки жарандык активист кармалганын билдирген.

УКМК берген «М.А.» жана «У.Д.» деген инициалдар Мелис Аспеков менен Улан Жураевдин (ред: орус тилинде Улан Джураев) аты-жөнүнө туура келет.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө М.А. жана У.Д. аттуу жарандар «Кыргыз темир жолу» ишканасы Каржы полициясы тарабынан текшерилиши мүмкүн экенин жана аталган ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурушарын айтып, коркутуп, 250 миң доллар талап кылышкан.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги М.А. жана У.Д.га аталган сумманы берүүгө мажбур болушкан», — деп айтылат маалыматта.

М.А. жана У.Д. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 162