• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Активист министр Бейшеналиевди айыптап чыкты

20 Чын куран 2021 15:35 Бишкек Govori.TV

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров уу коргошунду коронавируска каршы дары катары жарнама кылган министр Алымкадыр Бейшеналиевге нааразылык билдирип, 20-апрелде акцияга чыкты.

Ал Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин жанында пикет өткөрдү. Активист уу коргошундун сүрөтүн жана «Арманыңыз болсо, аконитке айтыңыз» деген жазууну көтөрүп алды.

-Президентке кошоматчылыкпы же деңгээли ушулбу, билбейм. Коронавирусту уу коргошундун тундурмасы менен дарылоого чакырык таштап, аны жарнама кылуу — өз элине каршы жасалган кылмышкерлик. Бул — медиктин кыла турган иши эмес, — деди Токтонасыров.

Министрликте күзөттө турган милиционер Бейшеналиев активистти азырынча кабыл ала албай турганын, талаптарын жазуу түрүндө калтырып кетишин айтты. Токтонасыров пикетке алып чыккан кагаздарды жана талабын ага калтырып кетти.

Бейшеналиев аны кызматтан кетирүү талаптарына, дооматтарга азырынча расмий комментарий бере элек.

15-апрелде президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирустан «бир же эки күндө айыктырып жибере турган дары» таап алышканын «Фейсбукка» жазган. Аны менен кошо бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыяланган. Видеодогу бөтөлкөлөрдө «уу коргошун» деп жазылган эле.

16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошундун тундурмасы коронавируска чалдыккан бейтаптарга берилип жатканын Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирген. Министрдин бул сөзү медицина тармагындагы эксперттердин жана жарандык коомдун кескин сынына кабылган. Жогорку Кеңештин тармактык комитети «кыргыз медицинасын аброюуна шек келтирди» деп министрди кызматтан алуу сунушун өкмөткө жиберген.

Количество просмотров: 641