Бүгүн, 2-декабрда Конституциялык палатанын имаратынын алдына активист Өндүрүш Токтонасыров митингге чыкты.
Токтонасыров “Референдум болбосун”, «Референдум зарыл эмес» деген жазууларды көтөрүп чыкты.
«Конституциялык палата Баш мыйзамды өзгөртүүнүн мыйзамдуулугун карап, калыс чечим чыгарышы керек. Буга чейин Венеция комиссиясы чыгарган корутундуда азыркы парламент өзгөчө чараларды, анын ичинен конституциялык реформаны жүргүзө албай турганы белгилеген. Конституциялык палата бийликти колдогон чечим чыгарса, дүйнөгө уят болобуз», — деди жарандык активист.