• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Активист Тилекмат Кудайбергенов бийликти күч менен басып алууга шектелип жатат

16 Жалган куран 2021 14:20 Бишкек Govori.TV

Жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновдун социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип жатат. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул факт Жазык кодексинин 310-беренеси, («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») 264-беренеси («Массалык баш аламандыктар») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.

Учурда кармалган активист Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, Тилекмат Кудайбергенов «Фейсбукта» Тилекмат Куренов деп катталган. Жарандык активист Жетим-Тоону чет элдик ишкерлерге колдонууга бербөө, Конституциянын жаңы долбооруна каршы митингдерге катышып келген.

Количество просмотров: 355