• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери Тилекмат Кудайбергеновдон кабар алат

23 Жалган куран 2021 10:15 Бишкек Govori.TV

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери бүгүн, 23-мартта Бишкектин №1 Тергөө абагына камакка алынган активист Тилекмат Кудайбергеновдон (Куренов) кабар алышат. Бул тууралуу Govori.TVга мекеменин директору Бакыт Рысбеков билдирди.

 Анын айтымында, аталган борбордун өкүлдөрү тергөө абагына 18-мартта кирип, активисттин абалын көрүп чыгышкан. Ал сот чечимине нааразылык иретинде ачкачылык жарыялаганын айткан.

«Биздин кызматкерлер бүгүн түштөн кийин камакка алынган активист Тилекмат Кудайбергеновдон кабар алып келишет»,-деди Бакыт Рысбеков.

Эске салсак, Свердлов райондук соту 16-мартта активисттин бөгөт чарасын жабык карап, бир айга тергөө абагына камакка алган. Кудайберген уулу Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык баш аламандыктар») менен айыпталууда.

Количество просмотров: 201