• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстанда Рамзан Кадыровду сындаган чечен активисти кармалды

21 Баш оона 2023 9:47 Бишкек Govori.TV

27 жаштагы чечен активисти Мансур Мовлаев «Манас» аэропортунан кармалды. Бул тууралуу укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, активист кечээ кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Мовлаев Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровду сындап келген. Чечен оппозициясынын коомчулугунун маалыматына ылайык, Мовлаев Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушуна жана саясий репрессияларга каршы чыккан. Активист өз билдирүүлөрүндө жана басылмаларында сөз эркиндигинин бузулушу, күч түзүмдөрүнүн өзүм билемдиги жана аймактагы башка көйгөйлөр боюнча суроолорду көтөргөн.

2020-жылы ал 3 жылга эркинен ажыратылган. Оппозициянын айтымында, бул иш ойдон чыгарылган. 2022-жылы шарттуу түрдө бошотулуп, бирок Шали райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал жигит Орусиядан качып кетүүгө үлгүрүп, федералдык издөөгө алынган. 

Кыргызстандын күч түзүмдөрү окуя боюнча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 88