• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Активист Жоробеков “массалык баш аламандыкка” чакырган деп айыпталууда

8 Бештин айы 20238:45 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан жарандык активист Афтандил Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин “массалык баш аламандыктар” беренесинин 3-бөлүгү, “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен айып тагылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” активисттин адвокаты Махабат Мамасалиева билдирген.

Адвокаттын сөзүнө караганда, Бишкек шаардык милициясы Жоробековго 6-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган видео боюнча иш козгогон. Ал видеодо активист акыркы үч жылда Кыргызстандын экономикасында «жылыш жок» деп айтып, желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдирген.

Адвокат Мамасалиева тергөөчү активист Жоробековду 48 саатка камакка алуу тууралуу чечим чыгарганын кошумчалады.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова камалган активисттин үйүнө тинтүү жүргүзүү үчүн кишилер келгенин Фейсбукка жарыялады.

Азырынча милиция расмий маалымат бере элек.

Активист 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү көздөп жаткан. Мындан улам ал буга чейин дагы милиция менен УКМКга сурак берип чыккан.

Количество просмотров: 94