• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Активисттер Алмазбек Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты

26 Жалган куран 2019 13:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.03.2019. Govori.TV.

Бишкек шаарындагы «Бийликти узурпациялоо жана анын кесепеттери» аттуу жыйынга чогулгандар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигин сынга алып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты.

Алардын талабын 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн аппаратынын башчысы, саясатчы Эмилбек Каптагаев угузду.

«Курултайды уюштурууга катышкан саясий-коомдук жана мекенчил күчтөрдүн талаптарына ылайык, былтыр кабыл алынган чечимдерге жана талаптарга кайрылууга мажбурбуз. Биринчиден, мамлекеттик бийликти узурпациялоо, уюшкан кылмыштуу кланды түзүү, саясий жана экономикалык коррупциялык иштерди уюштуруу айыбы боюнча Алмазбек Атамбаевге чукул арада кылмыш ишин козгоону талап кылабыз», — деди ал.

Интервью Эмилбек Каптагаева!Максимальный репост!!!

Опубликовано Искен Афиджанов Понедельник, 25 марта 2019 г.
видео Искен Афиджанов

Каптагаев мурдагы мамлекет башчынын байлыгынын булагын текшерүүнү талап кылды.

Экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзамды 12-мартта Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитети үчүнчү окууда жактырган. Анын алдында Конституциялык палата менен Жогорку Кеңештин ортосунда документтеги беренелер боюнча талаш-тартыш орун алган.

Количество просмотров: 31