• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Активисттер Конституциянын реформалоо мыйзам долбооруна каршы кайрадан нааразылык акциясына чыгышты

29 Жетинин айы 202013:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 29-ноябрда жүздөгөн активисттер Конституциянын реформалоо мыйзам долбооруна каршылык билдирген экинчи нааразылык акциясына чыгышты.

Темир жол бекетинин жанына чогулгандар Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы ураан-чакырыктарды жасап жатышат. «Референдумга жол жок!» деп аталган акциянын катышуучулары Конституцияны өзгөртүүгө каршы түрдүү транспаранттарды кармап жүрүшөт.

Ушул эле активисттер өткөн жекшемби, 22-ноябрда да Бишкектеги темир жол бекетинин алдында чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу борбордук аянтка чейин жүрүш менен барышкан.

Количество просмотров: 109