• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Алдамчылыкка шектелип кармалган Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыкты

27 Жалган куран 202410:59 Бишкек Govori.TV

Алдамчылыкка шек саналып кармалган Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыкты. Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мындай чечимди 20-мартта чыгарган.

Укук коргоо органдарынын маалыматында, Бекзат Өмүрбеков президент менен тааныштыгын айтып, жетекчилик кызматка орноштурууну убадалап, жарандан 50 миң доллар алган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Кошумчалай кетсек, Өмүрбеков социалдык тармактарда бийликтин активдүү колдоочусу катары таанымал.

Количество просмотров: 275