Нурлан Мотуев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, соттун чечими менен ал 1-ноябрда үй камагына чыккан.
Эске салсак, Мотуев «расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутту» деген шек менен кармалгандыгы маалым болгон.