Актёр Нуржаасын Жумагулов бөйрөгүнө операция жасатуу үчүн Түркияга учуп кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-июлда социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Абалым азырынча жакшы, гемодиализ алып жатам. Айдын башында баралы деп план коюп жатканбыз. Бирок Түркияда Курман айт майрамын 10 күн майрамдашкандыктан, 8-июлдан 18-июлга чейин иш күн эмес экен. Ошол себептен бүгүн, 17-июлда жолго чыгабыз», — деп жазды ал.
Маданияттын мыкты кызматкери, бир нече кинолордо башкы ролду жараткан белгилүү актёр Нуржаасын Жумагуловдун эки бөйрөгү тең жабыркап, алмаштыруу зарыл.