• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акыл-эси күмөндүү адамга айдоочулук күбөлүк берилген

31 Теке 201811:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.07.2018. Govori.TV
Жумгал районунда психикалык дарт менен ооруган жаранга айдоочулук күбөлүк берилген. Бул фактыны Экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматынын Нарын облусунун Кочкор, жумгал райондорун караган бөлүмү ачыктаганы белгилүү болду.
Анда 2016-жылы Жумгал райоунун Транспорттук каражаттарды жана айдоочуулук курамды каттоо департаменти менен Үй-бүлөлүк медициналык борборунун кызматкерлери биргеликте КРнын мыйзамдарын бузуу менен “эпилепсия” жана “кем акыл”  дарт аныктамалары бар жаранга “В”, “С” категориясынндагы айдоочулук күбөлүк берилгени айтылат.
Учурда бул боюнча аталган кызмат материалдарды чогултуп, Жумгал райондук прокуратурасына өткөргөн жана көзөмөл органы тарабынан КРнын Кылмыш Жаза Кодексинин 166-беренеси жана 350-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Количество просмотров: 13