• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Акылбек Жапаров, ЖК депутаты: “Башпрокурор менен бирге мыйзамсыз иш козгогон тергөөчүлөр да кызматтан кетиши керек”

11 Чын куран 2018 10:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек 11.02.2018. Govori.TV

“Башпрокурор менен бирге мыйзамсыз кылмыш ишин ачкан тергөөчүлөр да кызматынан кетиши керек”. Бул сөздү ЖКнын жыйынында депутат Акылбек Жапаров айтты.

Ал белгилегендей, Президент өз укугун туура пайдаланып, Башпрокурорду кызматтан алып жатат. Анткени, Коопсуздук Кеңешинде айтылгандай, Башкы прокуратура кызматы экономикалык кылмыштарга, кылмыштуулукка каршы  иш жүргүзө албагандыктан, кызматтан алуу туура кадам.

“Бирок, экономикалык кылмыштарга келгенде мыйзамсыз кылмыш иштерин ачып, ишкерлер менен ар кандай мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жок жерден сотко сүйрөгөндөр тергөөчүлөр да кызматтан кетиш керек ”,-деп айтты эл өкүлү.

Эске сала кетсек, бүгүн ЖКда Президенттин Башпрокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча сунушу каралууда. Маселени күн тартибине киргизүүгө 104 депутат макулдук берди.

 

Количество просмотров: 34