Акыры чечилди. Акылбек Осмоналиев Ысыккөл облусуна жетекчи болду.
Акыры чечилди. Акылбек Осмоналиев Ысыккөл облусуна жетекчи болду.
1 Баш оона 201818:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.08.2018. Govori.TV
Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттөн кабарлашты.
Акылбек Осмоналиев учурда Президент менен Өкмөттүн иш башкармалыгын төрага орун басары болуп иштеп жаткан. Ош облусунун Ноокат районунда туулган ал Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган кезинде өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп эмгектенген.
Аз күн мурун Ысыккөл облусунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев кадрларды ротациялоо боюнча өкмөттүн саясатына ылайык, Ош облусуна ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалган.
Өкмөттөгү өздүк булактар билдиргендей, эми Нарын жана Талас, Баткен облустарынын жетекчилери да орун алмашышы ыктымал.