2020-жылы балдар менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугуна өзгөчө маани бурулат. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда акыйкатчы Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын ишмердүүлүгү жөнүндө журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө балдарга карата зомбулук маселелери жана эмгек мигранттарынын балдарына байланыштуу көйгөйлөр көп.
Андан тышкары, Мамытов өткөн жылы акыйкатчынын борбордук жана аймактык бөлүмдөрүнө кайрылгандардын саны 11260 адамды түзүп, кайрылуулар көңүл буруусуз калбаганын айтты.
Түшкөн кайрылуулар боюнча текшерүүлөр жүрүп, тиешелүү органдарга каттар жолдонду. Арыз ээлерине адистер тарабынан сунуштар берилип, тушүндурүү иштери жүргүзүлүп, кайрылгандардын 13,2 %нын укуктары калыбына келтирилди»,-деди акыйкатчы.