• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Акыйкатчы Түркия элине көңүл айтты

18 Бирдин айы 2023 8:49 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова катуу жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана курман болгондорго байланыштуу боордош Түркия элине көңүл айтты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

17-фервалда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Кыргызстандагы Түркия Республикасынын элчилигине барып жана Түркиянын түштүк-чыгыш провинцияларында 6-фервалда болгон жер титирөөнүн кесепетинен улам көп сандаган адам өмүрлөрүн алып кеткен кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Акыйкатчы көңүл айтуу китебине өзүнүн көңүл айтуусун калтырды.

“Бүткүл Кыргызстандын энелери терең кайгырат жана курман болгондор менен жабыркагандардын орду толгус жоготуусун чын дилдеринен бөлүшөт. Бул кыйын күндөрдө биздин ойлорубуз, кылган дубаларыбыз биздин боордош элибиз менен биргеликте. Биз Жараткандан каза тапкандарды өз мээрине алсын жана жакындарына сабыр берсин деп тилейбиз. Баардык жаракат алгандар жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз”,-деген ал.

Белгилей кетсек, буга чейин КРнын Акыйкатчы институтунун жетекчилиги жана кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын Түркия Республикасынын аймагында болгон катуу жер титирѳѳдѳн жабыркагандарга которушкан.  

Количество просмотров: 99