• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров Корея президентинин милдеттерин аткаруучу Чхве Сан Мокуга көңүл айтты

30 Бештин айы 20249:11 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Boeing 737 жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу Кореянын президентинин милдеттерин аткаруучу Чхве Сан Мокуга көңүл айтты.

«2024-жылдын 29-декабрында Кореянын Муан аэропортунда жүргүнчү учак кулап, анын кесепетинен адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам, ал эми жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Количество просмотров: 219