• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атыр Абдрахматова «Сезим» кризистик борборуна жетекчи болду

13 Бугу 202415:32 Бишкек Govori.TV

Атыр Абдрахматова «Сезим» кризистик борборунун аткаруучу директору болуп шайланды. Маалыматты Govori.TVга Абдрахматова өзү тастыктады.

Маалыматка караганда, бул кызматка үч баскычтуу ачык сынактын жыйынтыгы менен уюмдун мүчөлөрүнүн жалпы жыйынында шайланган.

Абдрахматованы 2022-2023-жылдары Кыргызстандын акыйкатчысы — омбудсмен кызматын аркалаган.

Уюмду буга чейин белгилүү укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова жетектеп келген.

Количество просмотров: 124