• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Акыйкатчы журналисттердин укуктарын жана эркиндиктерин сактоону камсыздоого чакырат

16 Үчтүн айы 2024 18:15 Бишкек Govori.TV

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева укук коргоо жана сот органдарын, ошондой эле прокуратура органдарын журналисттердин укуктарын жана эркиндиктерин сактоону камсыздоого чакырат. Бул тууралуу Акыйкатчылык тараткан билдирүүдө айтылат.

Акыйкатчы 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде болгон тинтүү иштери, басылманын жетекчилигин суракка алуу боюнча комментарий берип, мындан тышкары башка басылмалардын кармалган журналисттери жөнүндө айтуу менен укук коргоо органдарына Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык сөз эркиндиги жана өз пикирин ачык билдирүүдөгү жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылуунун маанилүүлүгү жөнүндө эскертти, анткени мындай аракеттер сөз эркиндигине тескери таасирин тийгизет.

Акыйкатчы институту өзүнүн мандатына ылайык журналисттердин укуктарын коргойт жана мамлекеттик органдарды массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.

Жарандардын өз пикирин эркин билдирүү, сөз жана басма сөз эркиндиги:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы (10, 32-беренелер);

Адам укуктарынын жалпы декларациясы (19-берене);

Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (19-берене);

“Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы (4, 8-беренелер) менен кепилдендирилген.

Акыйкатчы укук коргоо жана сот органдарын журналисттерге карата чечим кабыл алууда сөз эркиндигине жана маалыматка жетүүдө Конституцияда белгиленген кепилдиктерди жетекчиликке алууга чакырат.

Джамиля Джаманбаева ошондой эле сот органдарын жана прокуратура органдарын журналисттерге карата укук коргоо органдары тарабынан кабыл алынган жана пландалып жаткан чаралардын мыйзамдуулугуна, өлчөмдөштүгү менен зарылдыгына укуктук баа берүү чакырыгы менен кайрылат.

Количество просмотров: 97