• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аскат Жетиген абактан кат жазды

3 Жалган куран 202614:44 Бишкек Govori.TV

№27 түрмөдө жазасын өтөп жаткан жарандык активист, ырчы Аскат Жетиген абак кызматкеринин кыйноосуна кабылганын билдирүүдө. Бул тууралуу ал өзүнүн адвокаты Нурбек Токтакуновго жазган катында маалымдап, укугу бузулуп жатканын коомчулукка жеткирүүсүн жана өзүн коргоону суранган. Катта ал №27 түрмөнүн жетекчилиги аны айып изоляторуна (ШИЗО) жапканын, буга бир нече күн мурун абакка акыйкатчынын (омбудсмен) өкүлдөрү барып, ал жакта жазасын өтөп жаткандардын абалы, шарттары менен таанышуу учурунда абактагылардын укуктары бузулуп жатканын айтканы себеп болгонун жазган.

Аскат Жетиген ошондой эле түрмө кызматкерлери абакты жылытууга бөлүнгөн көмүрдү ысырапчылык менен иштетип жатканын, жазасын өтөп жаткандарга спорт менен машыгууга тоскоолдук жаралганын, 2000 сом төлөбөгөндөр залга киргизилбей турганын белгилеген.

Аталган түрмөнүн Улан аттуу кызматкери кыйноого алганын билдирген активист абакта ал «ашкере оройлугу жана зөөкүрлүгү менен белгилүү» экенин жазып, ачык айткандарды айып изоляторуна камап, ар кандай ишке мажбурлап келерин билдирген.

Абактагы акын ошондой эле түрмөнүн жетекчиси да ал жакта кармалып тургандарга коркутуп, үркүтүп, орой мамиле кыларын белгилеген.

Количество просмотров: 163