• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акыйкатчылык Равшан Жээнбековдун абалы менен таанышты

31 Үчтүн айы 202011:53 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы аппаратынын кызматкери Равшан Жээнбековго жолугуп сүйлөшүү үчүн №21 мекемеге барды. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз катчысы Элмира Мадиева билдирди.

Сүйлөшүү учурунда Р. Жээнбеков №21 мекеменин кызматкерлерине карата конкреттүү арыз-даттануусу жок экендигин айтып, бирок ал жаткан камераны текшерип-тинтүү түнкү убакта болгонуна нааразычылыгын билдирген.

«Равшан Жээнбеков абактын кызматкерлерине конкреттүү арыз-даттануусу жок болгондуктан, КР Акыйкатчысына жазуу түрүндө кайрылган жок»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 12-декабрында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кармалган. Ал Жазык кодексинин 244-беренесинин 2-бөлүмү (барымтага алуу) жана 264-беренесинин 1-2-3-бөлүмдөрүндө (массалык башаламандыкты уюштуруу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча шектелип жатат.

Количество просмотров: 154