• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзгөндө мурдагы депутат менен «жер мафиясынын» өкүлү кармалды

31 Үчтүн айы 202510:20 Бишкек Govori.TV

Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын мурдагы депутаты С.М.Т. жана «Жер мафиясынын» уюштуруучуларынын бири деп аталган А.Б.К. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыатта айтылгандай, УКМК тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын экс-депутаты 1977-жылы туулган С.М.Т. жана «Жер мафиясынын» уюштуруучуларынын бири 1978-жылы туулган А.Б.К. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

«Буга чейин да Баш-Дөбө айыл аймагынын мурдагы башчысы 1962-жылы туулган У.Ы.Д. жана аталган айыл аймактын азыркы адвокаты 1981-жылы туулган И.И.А. жана алардын шериги 1980-жылы туулган Н.М.М. кармалган.

Тактап айтканда, 2019-2021-жылдар аралыгында аталган адамдар алдын ала макулдашууга кирип, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн токтомдорун жана жер тилкелерине муктаж жарандардын тизмесин атайылап жасалмалап, кол коюп, андан соң аларды мыйзамдаштыруу максатында Өзгөн районунун архивине, архитектурасына жана кадастрына өткөрүп беришкени аныкталган. Натыйжада жасалма документтердин негизинде 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Ош облусунун Өзгөн районундагы 22га жер «Айыл чарба багытындагы» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына трансформацияланган», — деп жазылат маалыматта.

Учурда жогоруда көрсөтүлгөн жер алдамчылыгына тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында КР УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары улантылууда.

Количество просмотров: 333