Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер комитетинин жыйынында акыйкатчынын орун басары кызматына Айчүрөк Назаралиеванын талапкерлиги сунушталды.
Комитет мүчөлөрү талапкерди колдоп, аны Жогорку Кеңештин жалпы отурумуна көрсөтүүгө макул болушту.
Айчүрөк Назаралиева 1975-жылы Бишкек шаарында туулган. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин юридика факультетин укук таануу адистиги боюнча аяктаган.
Назаралиева буга чейин мугалим, жактоочу болгон жана Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген.