• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Акыйкатчынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ардактуу эс алууга чыкты

16 Бирдин айы 2024 14:50 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шанбетали Касымов ардактуу эс алууга чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Касымов Акыйкатчы институтунда 2014-жылдан 2024-жылга чейин Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

Мындан тышкары ал ички иштер органдарында 33 жыл ар кандай кызматтарда иштеп келген.
Институттун борбордук аппаратында Шанбетали Касымовду салтанаттуу азем менен ардактуу эс алууга узатышты.

Жаманбаева адам укуктары менен эркиндиктерине кошкон салымы үчүн Шанбетали Касымовго ыраазычылык билдирди.

“Биз сиздин кесипкөйлүгүңүз менен кайратмандыгыңызды жогору баалайбыз жана жаш муундарга ар дайым үлгү катары көрсөтөбүз. Жамааттын атынан мыкты ишиңиз үчүн ыраазычылык билдирем жана чың ден соолук, жакшылыктарды каалайм”, — деп айтты Акыйкатчы.

Количество просмотров: 128