Бишкекте республикалык “АгроТехЭкспо-2024” агроөнөржай көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жармаңкеси өтүүдө. Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулууда.
Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен бирге Т.Усубалиев атындагы аянтта уюштурулган көргөзмө жармаңке менен таанышты.
Көргөзмөдө дүйнөнүн алдыңкы заманбап айыл чарба техникалары жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жабдууларынын үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндүн түрлөрү, жер семирткичтер, ветеринардык дары-дармектер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, асыл-тукум малдар жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлүүдө.