• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Акылбек Жапаров: Алтынды Кыргызстандын ичинде алып калуу аракети жүрүп жатат

15 Бирдин айы 2022 12:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-февралда маалымат жыйын учурунда Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтын сатылып, кыргыз экономикасына жумшалып жатканын жана алтынды Кыргызстандын ичинде алып калуу аракети жүрүп жатканын айтты.

«Биздин алтын дагы сыртка чыккан жери жок, биз аны сатып атабыз. Андан түшкөн каражаттар экономикага киргизилип жатат. Буга чейин 410 тонна сыртка сатылып кеткен. Биз мындан ары колдон келсе Кыргызстандын ичинде алып калсак деп жатабыз. Азыр ага өкмөттүн, Улуттук банктын, башка банктардын дагы мүмкүнчүлүгү бар. Бир жылдын ичинде кыргыз элине бир үй-бүлөдө алтын туяк болбосо дагы кыргыздын алтыны болсун деген ниетте миң доллары бир жылкы деп монета чыгаралы деп жатабыз. Бир граммдан 10 кг. чейин алтынды жарандар сатып алсын деп жатабыз», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 83