• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акылбек Жапаров: Башка президенттер Жапаровдой чечкиндүү кадам кыла алышкан эмес

12 Тогуздун айы 2021 19:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети бүгүн 12-октябрда Министрлер кабинетинин жаңы курамы жана түзүлүшү боюнча маселени карап, президенттин сунушун колдоду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Акылбек Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент койгон талаптарды аткаруу толук мүмкүн экенин айтты.

«Президент алдыга коюп жаткан талаптарды аткарууга толук мүмкүнчүлүк бар. Жана ага колдон келген баардык аракетти жумшоого даярмын. Мен азыркы айтып жаткан пикирлеримди, сунуштарымды буга чейинки президенттерге, өкмөт башчыларга айтып эле келгем. Бирок, алар Садыр Жапаровдой чечкиндүү кадам кыла алышкан эмес. Буга чейин эле «Кумтөрдү» өзүбүзгө алсак болот, коррупцияны жоюп, өлкө казынасын толтурса боло турганын да айткам», — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаровду жаңы Конституцияга ылайык Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик аппараттын жетекчиси кызматына сунуштаганын мамлекет башчы Садыр Жапаров 12-октябрда айткан.

«Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик. “Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам” деп сөз берди. Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм. Ошондуктан ал кишини азырынча сындабай, өкмөт башына коюп, убакыт берели. Анын мурдагы ишмердиги кандай болгонуна баа берип, “ичкен-жеген” деп сындап жаткан жарандарыбызга айтарым, менин убагымда анын ар бир баскан-турган кадамы, кыймыл-аракети толук жеке көзөмөлүмдө болот», — деп жазган президент.

Количество просмотров: 2910