• Шаршемби 7 Бештин айы 2022
  • Среда 7 Декабрь 2022

Акылбек Жапаров Баткендин 102 жаштагы тургунун Карылар күнү менен куттуктады 

1 октября 2022 в 16:43 Бишкек Govori.TV

КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен районунун Рават айылынын 102 жаштагы тургуну Асал Абдиломутовага жолугуп, ал-абалынан кабар алып, аны Карылар күнү менен куттуктады.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жапаров ага чың ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Асал Абдиломутова – тылда эмгектенген, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жесири.

Количество просмотров: 297