• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Акылбек Жапаров Бишкектин борбордук көчөлөрүн кыдырды

17 Бугу 2022 21:03 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн абалы менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы «Ала-Тоо» борбордук аянтын реконструкциялоодогу асфальт төшөө иштеринин жүрүшү жана жакында эле үстүңкү катмары алынып жаңы асфальт басылган Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкедеги жолдун абалын көрдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, куруучу ишкана тарабынан жол жээгиндеги оңдоо жана жашылдандыруу иштери бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Андан ары Министрлер Кабинетинин башчысы курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан №40 орто мектептин жаңы имаратындагы жумуштар менен таанышты.

Ашкана, откана жана жер төлөсү менен бирге 550 окуучуга ылайыкталып салынып жаткан мектеп бардык эл аралык сапат стандарттарга жооп берет жана заманбап техникалар, эмеректер менен жабдылат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле Баялинов көчөсүндөгү №75 орто мектеп-лицейинде болду, ал дагы реконструкцияланып жатат.

Бир эле убакта 550 бала билим ала турган мектептин жаңы имаратында темир-бетон плитасын жана фундаментин куруу иштери жүрүп жатат.

Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин келерки окуу жылынын башына чейин борбор калаада 15 мектеп жана 5 мектепке чейинки билим берүү мекемесин куруу боюнча тапшырмасы толугу менен аткарылып жатканын баса белгиледи.

«Курулуш иштери белгиленген мөөнөттө жүрүп жатат, эч кандай кечигүү жок. Мен курулуп жаткан имараттардын сапатына өзгөчө көңүл бургум келет. Курулуш учурунда бардык техникалык стандарттар жана мүнөздөмөлөр сакталышы керек. Бул мекемелерде балдар окушат, алардын коопсуздугу эң башкы орунда», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жаңы окуу жылына карата мамлекеттик бюджеттин эсебинен 15 мектеп жана 5 бала бакча курууну тапшырган. Бул максаттарга республикалык бюджеттен 2,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Количество просмотров: 779